```html
Чолпон-Атада ШОС өлкөлөрүнүн жаш илимпоздору үчүн эл аралык лагер ишин аяктады














Чолпон-Атада, 19-июлда, «Акылман» президенттик лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн жаш илимпоздору үчүн Эл аралык илимий-окутуучу лагери өз ишин аяктады (SCO Young Scientists Camp 2026). Иш-чара 6-июлдан 19-июлга чейин өтүп, Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген катышуучуларды, анын ичинде жаш илимпоздорду, профессорлорду жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүн чогултту.

Катышуучулар эл аралык командаларда иштеп, изилдөөлөрдү жүргүзүп, маалыматтарды талдап, актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий долбоорлордун прототиптерин иштеп чыгышты. Иштер беш багытта жүргүзүлдү: экологиялык химия, биомедицина, жаңылануучу энергия, суу робототехника жана астрономиялык маалыматтар.