Нью-Йорктун мэри Зоран Мамдани The New York Times подкастында Израильдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун келечектеги БУУнун Генералдык Ассамблеясына болгон визити учурунда мүмкүн болгон камакка алуу маселесин талкуулады. Бул демилге шаар башчысынын шайлоо убагындагы убадаларын аткаруу алкагында айтылган.
Мамдани полицияга чет өлкөлүк лидерди камакка алуу боюнча көрсөтмө берүү укугум жок экенин белгилеп, бул максатка жетүү үчүн мыйзамдарды «ойлонуп табууну» каалабай турганын айтты.
«Мен премьер-министр Нетаньяху Гаагада болушу керек деп эсептейм. Ал согуштук кылмышкер, ага Эл аралык кылмыш соту тарабынан айыптар коюлган», — деп баса белгиледи мэр.
Зоран Мамдани Израиль өкмөтүнүн катуу сынчысы катары белгилүү, ал буга чейин Газадагы конфликтти «геноцид» деп мүнөздөгөн.
Нью-Йорктун мэри Зоран Мамдани Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат деген жазуу K-News сайтында биринчи жолу пайда болду.