Иссык-Куль облусунун милиция кызматкерлери электр тогунан сокку алган чет элдик жаранга ыкчам жардам көрсөтүштү. Окуя 17-июлда Кара-Ой айылындагы пансионаттардын биринде болуп, 2005-жылы туулган жаш жигит жабыркаган.

Жабырлануучуну ооруканага ташуу учурунда унаа Чолпон-Атадагы жол тыгынына туш болду. Жолдо жүргөндөр милициядан жардам сурашты.




Чакырууга жооп берип, Иссык-Куль РОВДсынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери кызматтык унаа менен жабырлануучуну коштоп, Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө тоскоолдуксуз жеткирди.