Кафе «Оазис» Балыкчыда канализациялык сууларды агызганы үчүн айыпка жыгылды

Балыкчыдагы «Оазис» кафеси экологиялык нормаларды бузганы үчүн айып санкцияларына дуушар болду. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Министрликтен маалымдашкандай, 18-июлда маалымат каражаттарында жана интернетте «Оазис» кафесинен агын сууга байланыштуу болжолдуу төгүү көрүнгөн видеоролик жайгаштырылган. Бул боюнча, 19-июлда Табигый ресурстар министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын адистери текшерүү жүргүзүшүп, анын жыйынтыгы экологияны коргоо боюнча мыйзамдардын бузулушун тастыктады.