


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү жана айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырын жакшыртууга багытталган долбоордун катышуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин кызматкерлери, ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» акционердик коомунун өкүлдөрү катышты.