
Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Геология кызматынын өкүлдөрү менен «Чаарат ЗААВ» акционердик коомунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Чаткал районунда жайгашкан Чаарат кенин иштетүү долбоорунун учурдагы абалы талкууланды. Компаниянын өкүлдөрү ошондой эле долбоорду улантуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан колдоо көрсөтүүнү талап кылган маселелерди көтөрүштү.