Грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial эл аралык турниринде алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана спорт министрлиги билдирди.
Шаршенбеков 60 килограмм салмак категориясында күрөшүп, биринчи беттешинде америкалык күрөшчү Далтон Робертс менен 4:0 эсебинде туше менен жеңишке жетти.