Чүй облусунда жайгашкан Шабдан айылында ичүүчү суу камсыздоо системасын реабилитациялоо боюнча иштер активдүү улантылууда. Бул долбоордун аякташы жергиликтүү тургундарды сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылат, бул болсо санитардык-гигиеналык шарттарды кыйла жакшыртып, коомчулуктун жашоо деңгээлин жогорулатат.
Курулуш-монтаждоо иштеринин графиги боюнча жүргүзүлүүдө. Учурда пландалган жер казуу иштеринин жарымы аткарылды, анын жүрүшүндө 30 миң кубометр жер казылды.