Узбекистанда президенттин коопсуздук кызматынын башчысы алмашты
Шавкат Мирзиёев, Узбекистан Республикасынын президенти, Рустам Жураевди Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы кызматына дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Указга ылайык, Рустам Жураевге генерал-лейтенант наамы да ыйгарылды.
Интернеттен алынган сүрөт. Рустам Жураев
Бул кызматка киришерден мурун, ал ички иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп, коомдук коопсуздук департаментине жетекчилик кылган.