Ош шаарында Oxford International School жаңы билим берүү комплексинин курулушунун башталышына арналган убакыт капсуласын салуу салтанаты болуп өттү. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, долбоордун аймактагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана окуу үчүн заманбап шарттарды камсыздоо боюнча маанилүүлүгүн белгиледи.
Шаар башчысы билим берүү мекемелерине болгон өсүп жаткан муктаждык шартында, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу шаардык администрация үчүн артыкчылык экенин айтты. Ал ошондой эле жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү негизги милдет экенин кошумчалады.