Орусиянын аскерлери 19-июль күнү күндүз Запорожье шаарына бир нече авиациялык бомба менен сокку урду. Чабуулдардын бири беш кабаттуу турак үйгө тийип, анын эки кабаты талкаланганын Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.Кеминде үч адам каза болду. Акыркы маалыматтар боюнча жараат алгандар 47ге жетти. Куткаруучулар урандылардын алдында калган адамдарды издөө иштерин улантууда.Шаарда ошондой эле тогуз кабаттуу турак үйдүн терезелери менен балкондору...