В Кыргызстанда 18-июлдан 28-июлга чейин вирустук гепатиттерге каршы күрөшүүнүн Дүйнөлүк күнүнө арналган декада өтүүдө. Бул иш-чара вирустук гепатиттерге байланыштуу көйгөйлөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана профилактикалык чаралардын маанилүүлүгүн белгилөөгө багытталган.

Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттер жана ВИЧ контролдоо борбору 28-июлда Дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү белгиленерин эске салды. Бул күндүн негизги максаты — вирустук гепатиттерге көңүл буруу, калкты профилактикалык чаралар жөнүндө маалымдоо, регулярдуу текшерүүдөн өтүүнүн маанилүүлүгүн жана дарылоонун жеткиликтүүлүгүн белгилөө.