Бишкек шаарында окуучунун өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланып, Бейшенбаевдин орун басары Алмаз Алымбеков жана “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим аталган кырсык боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынды.Жыйынтык Бишкек шаарынын...