Бишкектин борборунда 36 мыйзамсыз жарнама конструкциясы алынып салынды




Бишкектин Свердлов районунда уруксаты жок орнотулган 36 жарнама конструкциясы алынып салынды. Бул маалыматты борбордун мэриясы жарыялады.

Шаардык бийликтин маалыматына ылайык, текшерүү 13-14-июлда Жер пайдалануу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн. Иш-чаралар Чуй проспектинде, Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин өткөрүлгөн.