Кыргызстандын жолдорунда жаңы таштанды урналарын орнотушууда

Республикалык маанидеги Бишкек – Нарын – Торугарт жана Балыкчы – Ананьево – Каракол автожолдорунда жаңы таштанды урналарын орнотууда. Бул иш-чара Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан аталган аймактардагы санитардык абалды жакшыртуу максатында уюштурулууда.

Иштерди Жол эксплуатациялоо ишканасы №10 жүргүзүүдө. Урналар негизги участокторго: Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 137-километрине жана Балыкчы – Ананьево – Каракол трассасынын 28-километрине орнотулууда.