2026-жылдын 21-июлунан тартып Кыргызстанда Ысык-Көл жана Сон-Көл көлдөрүндө өнөр жайлык балык уулоого убактылуу мораторий киргизилет. Бул чечим 2026-жылдын 17-июлунда кол коюлган президенттин №261 жарлыгынын негизинде Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан кабыл алынды. Мораторий 2029-жылдын 21-июлуна чейин күчүндө болот.
Белгеленген мезгил ичинде өнөр жайлык балык уулоодон тышкары, ошондой эле балыктын транспортировкасы, сактоосу, сатылышы, сатып алынышы жана бул көлдөрдө жашаган бардык балык түрлөрүн чыгарып кетүүгө тыюу салынат.
Министрлик бул чечим биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, балык ресурстарын калыбына келтирүү жана Кыргызстандагы суу экосистемаларын туруктуу пайдаланууну камсыздоо максатында кабыл алынганын белгиледи. Мораторий боюнча жарлык 2026-жылдын 21-июлунан тартып күчүнө кирет.