
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) 2026-жылы эл аралык тоолор жылынын алкагында «Тоолордун жайыттарындагы жашоо» аттуу эл аралык фотоконкурсту өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Конкурс дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы тоолордун жайыттарындагы жашоонун өзгөчөлүктөрүн сүрөт аркылуу көрсөтүүгө арналган.
Конкурстун негизги максаты — сүрөт искусствосу аркылуу дүйнөлүк аудиториянын көңүлүн салттуу мал чарбачылыгына, сезондук көчмөндүккө жана жергиликтүү тургундар тарабынан муундан муунга өткөрүлүп келген билимдерге буруу. Иш-чарага катышуучулар жайыт маднияты менен алектенген адамдардын эмгегин көрсөтүп, тоолуу аймактардагы жашоонун уникалдуулугун чагылдыра алышат.