
Бишкекте Муниципалдык автобустун катышуусундагы жол кырсыгын териштирүү аяктады, анын натыйжасында «Бишкек шаардык транспорт» МПнын директору Талантбек Капаров жана Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин орун басары Алмаз Алымбеков жумуштан бошотулду. Бул тууралуу борбордун мэриясынан билдиришти.
Кадрдык чечимдер Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин өткөргөн жыйынында кабыл алынды. Жыйындын күн тартибине окуяны териштирүүнүн жыйынтыктары коюлду. Жыйында Октябрь районунун прокурору, Бишкек ГУВД жана УПСМ жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле транспорт тармагынын адистери катышты.