Ысык-Көл облусунда өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталып, башкы сыйлык – гран-при “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында тартылган, режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара, кызыл, сары" тасмасы (Black, Red, Yellow) көркөм тасмасына ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.Фестивалдын жабылуу аземи 19-июлдун кечинде Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда...