Чүй облусундагы кыргыз-кытай биргелешкен “Алтынкен” ишканасы соңку талкууларга байланыштуу өзү жайгашкан жердеги тоо бооруна жазылган эки тилде жазылган ураанды алып салуу боюнча иштерди баштады. Бул тууралуу аталган компания Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.“Бул жазуу 2015-жылы ошол учурдагы бийликтин талабы менен экологияны сактоого чакырык катары жазылган. Ал учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, чакырык эки тилде берилген. Анын...