Бишкекте «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын контролерлору коомдук транспортто рейддерди өткөрүп, жүргүнчүлөрдүн төлөмдөрүн текшеришет. Текшерүү учурунда жол киренин төлөнгөндүгүн тастыктаган электрондук же кагаз чектин көрсөтүлүшү талап кылынат.
Муниципалдык ишканадан билдиришкендей, мындай рейддер жол кирени төлөө эрежелеринин сакталуусун көзөмөлдөө, төлөм системасынын ачыктыгын жакшыртуу жана транспорт кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.