Кыргызстан жана Япония кичи жана орто ишкердикти (КИ) өнүктүрүү боюнча жаңы кызматташтык этаптарын баштоодо. Бул Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Беназир Нурланованын Токиодо Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жетекчилиги менен болгон жолугушуусунун натыйжасында мүмкүн болду.
Экономика жана соода министрлигинен билдиришкендей, тараптар кичи жана орто ишканаларды колдоо үчүн финансылык жана финансылык эмес инструменттерди камтыган жаңы техникалык кызматташтык долбоорлорун талкуулашты. Япон тарап КИни өнүктүрүүгө багытталган программаларды биргелешип ишке ашырууга кызыктар экенин билдирди.