Орусияда бир нече мунай иштетүүчү завод дрондордун чабуулуна кабылгандан кийин Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатуу сунушун бербей калышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдигинин президенти Канатбек Эшатов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.“Бүгүнкү күндө кырдаал өтө татаал. Дүйнө жүзүндө мунай заттын баасы тынбай өсүп жатат. Биз импорт кылган Орусиянын өзүндө тартыштык болуп жатат, көпчүлүк аймактарында чектөөлөр киргизилди. Орусия Федерациясында жалпы 81 субъект...