
«БУУ-аялдар» жаңы отчетунда аялдардын Европа жана Борбордук Азиядагы миграциялык процесстердеги мааниси өсүп жаткандыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө алар бул региондогу мигранттардын жалпы санынын 54 пайызын түзөт.
БУУнун жаңылыктар кызматынан алынган маалыматтарга ылайык, Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө төрөлгөн 13 миллионго жакын аял азыр өз өлкөлөрүнөн тышкары жашап жатышат. Ошол эле учурда регион дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген 9,5 миллионго жакын аял-мигранттарды кабыл алууда.