Жол-транспорт кырсыктары Кыргызстанга жыл сайын 372 миллион доллардын экономикалык зыян келтирет, бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын дээрлик 4%ын түзөт. Бул маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун Жаңылыктар кызматынан берилген.

Маалыматка ылайык, жөө адамдар жол кырсыгында каза болгондордун 40%ын түзөт, ал эми 18 жашка чейинки балдардын үлүшү 22%ды түзөт.