Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупцияга каршы чараларды жооптуу кызматкерлер менен жыйын өттү. Иш-чарага ошондой эле коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу Башкы прокуратуранын өкүлү катышты.
Талкуу учурунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу системасын жакшыртуу жана коррупцияга каршы иш-чараларды натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурулду. Жыйындын катышуучулары коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар менен андан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Негизги көңүл профилактикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого жана мамлекеттик мекемелердин жана алардын карамагындагы уюмдардын ишмердүүлүгүндө ачыктыкты камсыз кылууга бөлүндү. Ошондой эле кызмат адамдарынын коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоосуна жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.
Катышуучуларга коррупциянын коомго жана мамлекетке тийгизген терс кесепеттеринин, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимине тийгизген таасиринин тууралуу маалымат берилди. Республикада коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруунун негизги жактары каралды.