Бишкек шаардык мэриясы шаардагы коомдук даараткана жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөөрүн кайрадан жарыялады. Маалымат шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы тарабынан берилди.
12-июндан 15-июлга чейин аукционго 12 жер тилкеси коюлган, алардын үчөө боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, 62-үйдүн жанында 12-микрорайондо, ошондой эле Чүй проспектиси жана Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тилкелер боюнча келишимдер түзүлдү.