
Талас облусунун Айтматов районунда Айтбаев атындагы орто мектептин курулушун текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды, бул бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз сарптоого алып келди.
Прокуратура билдиргендей, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, чындыкка дал келбеген курулуш иштеринин аткарылгандыгы тууралуу документтерге кол коюшкан. Натыйжада, расмий отчетторго атайын жалган маалыматтар киргизилип, подрядчик уюмга мамлекеттик бюджеттен 4 млн 200 миң сом мыйзамсыз которулган.