Инвесторлор Кочкор-Атада $25 млнга мунайды кайра иштетүү заводун куруп жатышат
20-июлда Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана "ОСОО Центральноазиатская энергетика" арасында Кочкор-Атада заманбап мунайды кайра иштетүү заводун куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Маалымат Кыргызстандын экономика министрлигинин басма сөз кызматынан берилди.

Документ кыргыз тараптан экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков тарабынан, ал эми инвестор тараптан "ОСОО"нын башкы директору Шао Пейпей тарабынан кол коюлду.