Бишкектин бир бөлүгү газдан бир нече күнгө ажыратылат

Жер астындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө



21-июлдан 24-июлга чейин Бишкектин бир районунда газ камсыздоо убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» компаниясы маалымдады.


Көрсөтүлгөн мезгилде орто басымдагы жер астындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.


Газды ажыратуу БЧК, Фучик, Дорожная, Юбилейная көчөлөрү, ошондой эле Ала-Арча дарыясы жана Пригородная, Жаш Гвардия, Саадаев, Школьная, Садовый көчөсү, Коллекторная, Жаңы жана Кыргыз көчөлөрү, ошондой эле Советский көчөсү менен чектелген аймакты камтыйт.


Газ кызматы мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди бул мезгилде альтернативдүү энергия булактарын пайдаланууга чакырат.


Сүрөт www