Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга балдардын онкологиясы жана телемедицина тармагында жардам берет



Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов 20-июлда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту. Бул иш-чара жол кыймылынын коопсуздугуна арналган.

Жолугушуу учурунда министр ВОЗго Кыргызстанга көрсөткөн көп жылдык жардам үчүн ыраазычылык билдирди жана мындан аркы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жол кырсыгына кабылган адамдар үчүн медициналык жардам системасын жакшыртуу, саламаттыкты сактоонун туруктуулугун жогорулатуу, баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү, медицинада санариптик технологияларды киргизүү жана балдардын онкологиясын жакшыртуу сыяктуу негизги багыттарды белгиледи.