Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку деңгээлдеги Ассамблеясынын жол коопсуздугу боюнча жыйынынын алкагында Кыргызстан Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда министр ВОЗго Кыргыз Республикасынын туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жол кырсыгына кабылган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү, саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатуу, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү жана саламаттык сактоодо санариптештирүү, ошондой эле балдардын онкология кызматын жакшыртуу сыяктуу негизги багыттарды белгиледи.