
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Алыкул Фест – 2026» эл аралык поэзия фестивалын жана поэзия конкурсу өткөрүлөрүн жарыялады. Бул иш-чара өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин 45 жылдыгына арналган.
Конкурс Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында жайгашкан Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык маданий комплексинде өтөт. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2026-жылдын 21-сентябрында пландалган.