Мирбек Монолов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик физикалык маданият жана спорт агенттигинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирүү таратты.
20-июлда жаңы орун басарды расмий тааныштыруучу иш-чара болуп өттү, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Айбек Абдымомунов өткөрдү.