АКШнын президенти Дональд Трамп Канададан келген товарларга 50% кошумча бажы салыктарын киргизүү тууралуу маалыматты Ак үйдүн расмий сайтында жарыялады. Бул чаралар жалпы суммасы $20 миллиардды түзгөн товарлардын импортун камтыйт жана бир айдан кийин күчүнө кирет.
Бирок жаңы бажы салыктары энергетикалык продуктыларга, маанилүү минералдарга, балыкка, ошондой эле атайын тарифтерге кирген металлдарга жана унааларга таралбайт.