Өлкөдө "Кыргыз ак топозу" жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү. Тийиштүү буйрукка суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол койгонун мекеменин маалымат кызматы кабарлады.