Орусиянын бир катар шаарындагы Wildberries маркетплейсинин кампалары дрон чабуулуна кабылып, натыйжада мигранттар жабыркап, борбор азиялык ишкерлер миллиондогон чыгымга учурады. Ал арада украин тарап бул кампаларга эмне үчүн сокку урулуп жатканын түшүндүрүп, маркетплейсте кош багыттагы товарлар сатыларын жана бул орус экономикасына жасалган сокку экенин билдирди.