2022-жылдын январь айынан 2026-жылдын июнь айына чейин жабык акционердик коом «Кумтор Голд Компани» Кыргызстандын бюджетине 1 миллиард 233 миллион 216 миң АКШ долларын салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө которгон. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.

Көрсөтүлгөн мезгилде компаниянын кирешеси 4 миллиард 991 миллион 956 миң АКШ долларын түздү, ал эми 4,5 жыл ичинде таза пайда 2 миллиард 196 миллион 678 миң АКШ долларына жетти.