Кыргызстанда жаңы айыл чарба малдарынын тукуму — «Кыргыз ак як» катталган. Бул окуя 20-июлда Ысык-Көл облусунда жайгашкан Сырт тоо жайлоосунда болуп, жергиликтүү мал чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү окуя болуп калды, деп билдирет Республикалык суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы.

Тукумдун каттоосу өкмөт башчынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун буйругу менен бекитилген.