Президент Садыр Жапаров инвестициялык долбоорлор үчүн чет элдиктерге убактылуу берүү пландалып жаткан жер тилкелери боюнча экинчи ирет үн катты. Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазды.Жапаров коңшу өлкөлөр менен чек араны тактоодон кийин Кыргызстандын аянты 20 миллион 9 миң 572 гектар деп аныкталганын белгилеп, мунун 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте, 1 миллион 82 миң гектары жеке менчикте экенин тактады.Президент Кыргызстан эгемендик...