Орусиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан кампаларына дрон соккулары болгон Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып миңдеген кыргыз ишкерлери тиричилик кылат. Азырынча чабуулдан кийинки өрттөн келтириген чыгымдар тактала элек. Кыргызстандык 800гө жакын киши соцтармакта атайын топ ачып, юристтер менен иштешип жатканы маалым болду. Бул тайпадагылардын басымдуу бөлүгү товарлары Электросталдагы кампада болгонун билдирип, кыргыз өкмөтүнө кайрылуу...