БЧКда жоголгон жарандын сөөгү табылды






Ысык-Ата районунда, Ивановка айылында, БЧКда жоголгон жаш жигиттин сөөгү табылды. Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, окуя 19-июлда болгон, 19 жаштагы жаран А.Ю. достору менен суу жээгине барып, тилекке каршы, бетине чыга албай калган.
Издөө-куткаруу операциялары жергиликтүү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү тургундардын активдүү катышуусу менен жүргүзүлгөн.

Эки күндүк интенсивдүү издөө иштеринен кийин, жоголгон жигиттин сөөгү табылды.