Ташкентте Улуу князь Николай Романовдун сарайында Өзбекстан мамлекеттик искусстволор музейинин филиалы ачылат. Бул демилге өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда маданияттын өнүгүү келечеги талкууланган презентацияда айтылган.
Сарайдын реставрациясы анын тарыхый көрүнүшүн сактоого багытталган, жаңы филиалда 300гө жакын искусство чыгармалары жана башка музей экспонаттары жайгаштырылган туруктуу экспозиция уюштурулат.