
Иш-чаранын негизги максаты – таланттарды колдоо жана бирдиктүү поэтикалык мейкиндикти түзүү
Азербайжандын маданий борбору Шушада түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын II Фестивалы өттү. Бул маанилүү адабий окуяны Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТЮРКСОЙ) Азербайжан маданият министрлиги жана Азербайжан жазуучулар союзунун кызматташтыгы менен уюштурду.
Бул жылы фестиваль Азербайжан адабиятынын белгилүү классиги, акын жана мамлекеттик ишмер Молла Панах Вагифдин эсине арналды. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандан жаш жазуучулар жана акындар чогулушту.
ТЮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев фестивалдын негизги максаты жаңы муун авторлорду колдоо, салттарды сактоо жана түрк өлкөлөрү үчүн бирдиктүү поэтикалык мейкиндикти түзүү экенин белгиледи.
Биринчи фестиваль кыргызстандын Ош шаарында өтүп, акын Жолон Мамытовдун юбилейине арналган. Үчүнчү фестиваль Түркиянын Измир шаарында өткөрүлөт деп пландалууда.
Сүрөт www