Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда Кыргызстандын энергетика тармагындагы соңку кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.Рысбеков соңку күндөрү электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүп жатканына түшүндүрмө берип, абанын табы кескин жогорулап, керектөө кескин өсүп жаткандан улам жарык өчүрүлүп жатканын билдирди.“Бул чаралар аба ырайы кескин ысып, керектөө өтө көп болуп жатканы үчүн аткарылууда. Бир суткалык керектөө 16-июлда 48 млн,...