Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу боюнча эң чоң үлүш Бишкек шаарында байкалат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. 20-июлда өлкө боюнча жалпы электр энергиясын колдонуу 2350 мегаваттты түздү, анын 650 мегаватты Бишкекке туура келет.

Министрдин айтымында, Бишкекте электр энергиясын колдонуу боюнча чектүү убакытты так аныктоо кыйын, бул болсо өчүрүү графиктерин түзүүнү кыйындатат. Башкалаадан айырмаланып, аймактарда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн алдын ала өчүрүү графиктери иштелип чыгып, белгиленген планга ылайык аткарылат.