Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын (ГСЧС) маалыматына караганда, Сумыда Орусиянын дрону көп кабаттуу үйгө тийип, биринчи кабатта өрт чыкты.Окуянын натыйжасында алты адам жаракат алган, алардын төртөө балдар.Ошондой эле соода борбору да чабуулга кабылып, өрт чыкканын куткаруучулар билдиришти."Куткаруучулар өрттү өчүрө баштаганда душман кайрадан сокку урду. Чабуулдардун кесепетинен кызматтык автоунаа талкаланып калды. Куткаруучуларын машинесине да зыян...