Кытай Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө берген убадасынын негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи топтомун Бишкекке жөнөттү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда Кыргызстандын энергетика тармагындагы соңку кырдаал боюнча өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.“Кытай менен сүйлөшүүлөрдө жакшы чечимдер болду, келишимдер кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзү атайын делегация менен коңшу өлкөгө барып, күйүүчү майдын көлөмүнө, убактысына...