Кыргыз-тажик чек арасындагы жер алмашуудан кийин турак жайсыз калган Лейлек районунун тургуну Ыкыбал Абдувалиевага Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков айылынан үй берилди.Үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов тапшырды. Маалыматка ылайык, үй Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен берилди.Абдувалиева жергиликтүү бийликке жана “Азаттыкка” ыраазычылыгын билдирди.Президенттин өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда,...