Эркин журналист Эламан Карымшаков өз постуна байланыштуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбековдун коркутуусуна кабылганын билдирди. Президенттен ага чара көрүүсүн өтүндү. Бул тууралуу ал 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында жазып, экөөнүн сүйлөшүүсүнүн аудиосун жарыялады.“...Дайыр Орунбеков кечээ, 20-июлда чалып, ачыктан ачык эле коркутууга өттү. Ал акыркы жазган постумду өчүрүүнү талап кылып, “Мен сага эскерттим, уктуңбу?! Сыйың менен өчүрүп кой! Биринчи...